• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жыл башынан бери 500 миңдей жол эрежесин бузуу катталып, 504 адам жол кырсыгынан каза тапкан

Коом 0


Бишкек, 13.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылдын 8 айында Патрулдук милиция тарабынан 511 миң 335 административдик протокол түзүлүп, алардын 24 миң 93ү коомдук тартипти бузгандарга карата толтурулган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында ИИМ ПМББ начальнигинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Ал 487 миң 242 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын белгиледи.

Негизинен мас абалында унаа айдоо, жогорку ылдамдыкта жүрүү, кесилиш өтмөктөрдүн эрежелерин бузуу, кууп өтүү, каршы тилкеге чыгуу, эскертүүчү белгилерди сактабоо сыяктуу эрежелер бузулат. Ошондой эле, терезелерин караңгылатуу, белгилерди өзүм билемдик менен алып салуу ж.б.”, - деди ал.

Ал жыл башынан бери 3 миң 904 жол кырсыгы болуп, бул өткөн жылдын ушул мезгилинен 8,1%га көп экенин белгиледи. Бул жол кырсыктарында 504 адам көз жумуп, 5 миң 909у жабыркаган.

913 жол кырсыгында балдар болгон. 2017-жылдын башынан бери 60 бала каза болуп, 1 миң 51и жабыр тарткан.

Жалпысынан оң рулдуу унаалардын катышуусунда 1 миң 226 жол кырсыгы катталып, анда 151 адам каза болсо, 2 миң 98и жабыркаган.

Өлкө бюджетине айып пулдардан 264 млн сом түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий