• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башынан бери 506 туристке кеп-кеңеш берилген — туристтик милициянын ишмердүүлүгү жөнүндө

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Чет жерден келген туристтердин коопсуздугун көзөмөлдөп, аларга укуктук жактан жардам көрсөтүү боюнча туристтик милициянын кызматы иш алып барат.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2018-жылы Бишкек ШИИББнин милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын полкунда атайын туристтик 2 рота негизделген.

2020-жылы туристтик милициянын взводу ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгындагы милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын 5-ротасына кошулган. Ошол эле учурда туристтик ротанын штатынын саны менен милдети өзгөртүүсүз калган.

Республикага келген ар бир мейман өз өмүрүнө жана коопсуздугуна, ошондой эле ден соолугуна туристтик милиция кам көрөт. Туристтик милиция базалык деңгээлде чет элдик тилдерди, негизги мыйзам ченемдери менен укуктарды билишет.

Кызматкерлер соода жана көңүл ачуучу жайларда, музейлерде, сейил бактарда, туристтер көп барган “Ала-Тоо”, “Жеңиш” аянтында, Өкмөт үйүндө, “Эркиндик” бульварында, филармонияда, “Хаят”, “Парк Отель” мейманканаларында, “Бета-Сторес-1”, “Бишкек Парк”, “Азия Молл” жана башка соода борборлорунда алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат.

Жыл сайын чыгарган жыйынтыктын негизинде чет жерден келген меймандар маданий-көңүл ачуучу жайлардын, тарыхий эстеликтердин дарегин жана көрүнүктүү жерлер менен транспорттук каттамдар жөнүндө маалыматты тактоо суроолору боюнча көп кайрылышат.

Андан сырткары, Кыргызстандын аймагында жүрүү мөөнөтүн жана каттоодон өтүүнүн жол жоболору жөнүндө суроолор менен кайрылаары да маалым.

Жыл башынан бери туристтик взводдун кызматкерлери 506 чет элдик жаранга ар кандай суроолорун жана өтүнүчтөрүн канааттандырып беришсе, “102” кызматына түшкөн 158 чалууларга жооп беришкен.

Кызматкерлер Маданият министрлигинин туризм департаменти, ошондой эле аймактык бөлүмчөлөрү жана туристтик агенттиктер менен кызматташып, маалымат алып турат.

Мындан тышкары, ушул жылдын январь айынан бери негизги тапшырмалардан тышкары, митинг жана массалык көңүл ачуу иш-чаралары учурунда мамлекеттик объектилердин коопсуздугун жана тоскоолдуксуз өтүүсүн, укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий