• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жыл башынан бери 608 соттолуучуга мунапыс берилген – ЖАМК

Коом 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. 2019-жылдын башынан бери 8 миң 590 соттолуучунун иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Бул тууралуу "Кабарда" өткөн маалымат жыйынында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК өкүмдөрдү аткаруу жана атайы эсеп бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Термечиков билдирди.

Анын айтуусунда, жыйынтыгында соттор тарабынан 8 миң 63 иш кайра каралып чыккан.

"Мунапыс боюнча 608 соттолуучу бошотулган, 3 миң 66 соттолуучунун жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган. Ал эми 3 миң 500 соттолуучунун жазасы өзгөрүүсүз калтырылган", - деп билдирди Термечиков.

Пикир

Оставить комментарий