• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери 67 адам сууга аккан, алардын 18и жаш балдар - ӨКМ

Коом 0


Бишкек, 11-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. 2017-жылдын башынан бери ар кандай кырдаалда 67 адам сууга аккан. Алардын 44 эркек, 5 аял, 18 балдар болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында ӨКМдин кооптуу кырдаалды башкаруу борборунун төрагасынын орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунда 18 адам сууга чөккөн, алардын 10 эркек,1 аял жана 7 бала. Нарын облусунда бир киши сууга аккан. Таласта 6 адам сууга чөгүп, алардын 4сү эркек, бирөөсү аял жана бир бала болгон. Ысык-Көлдө 6 адам сууга агып 5 эркек жана бир бала каза болгон. Жалал-Абадда 12 адам кырсыка кабылып, алардын 6 эркек, 4 аял, 8 бала болгон. Баткенде 6 адам сууга агып, 5 эркек жана бир аял каза тапкан. Ош облусунда 8 адам, 7 эркек, бир бала каза болгон. Ош шаарында 7 адам сууга аккан андан 3 эркек бир аял жана үч бала көз жумган. Бишкекте эки эркек бир бала сууга аккан.

“67 адамдын 38и жай мезгилинде,тагыраагы 1-июндан тартып ушул күнгө чейинки каза болгондор. Алардын 22си эркек, 4 аял, 12си бала болгон”,-деди Мамбетов.

Ошондой эле, ал өкмөттүн токтомуна ылайык, жай мезгилинде ден соолугун калыбына келтирүү, спорттук же массалык түрдө жарандарга эс алууга шарт түзүү максатында көлмөлөрдү иштеткен мекемелердин жетекчилери жарандардын коопсузудун камсыз кылууга милдеттүү. Алар кырсыктын алдын алуу үчүн профилактикалык иш чараларды жүргүзүшү зарыл. Мындан тышкары коопсуз жерлер боюнча маалымдамалар, белгилер илиниши жана куткаруучулар тобу болушу шарт.

ӨКМ кызматкери ар жыл сайын сууга аккан балдардын саны 150 жетээрин, мындан улам ата-энелерди жоопкерчиликтүү болуп, балдарын сууга түшүүгө жалгыз жибербөөгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий