• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери 878 өрт катталып, аларда 28 адам каза тапкан - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. 2018-жылдын 3 айынын ичинде республика боюнча 878 өрт кырсыгы катталган.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр -19.9% көбөйгөн (2017-ж. 732). Өрттөн 28 адам каза таап, анын ичинде – 1 жаш бала (2017-жылы 31 адам анын ичинен – 1 жаш бала), өрттөн 15 адам жабыркаган (2017-жылы 14 адам анын ичинде – 3 жаш бала). Өрттөн 43 адамдын өмүрү (2017-ж. 33 адамдын өмүрү) жана 292 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2017-ж 221 млн. сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -36.3%, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -26.5%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -18.8%, балдардын от менен ойноосунан -7.1%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан 68.6% турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (257) жана 12 адам каза болгон, Бишкек ш. (172) жана 4 адам каза болгон, Ош облусунда (111) жана 1 адам каза болгон, Жалал-Абад областында (109) жана 3 адам каза болгон, Ысык-Көл областында (100) 3 адам каза болгон, Баткен облусунда (41) жана 4 адам анын ичинен 1 жаш бала.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (602), ал эми өрттөн 26 адам каза тапкан.

2018-жылдын 3 ай ичинде республиканын өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды, массалык маалымат каражаттарында 228 макала жарыкка чыгып, 190 теле жана 1331 радио берүүлөр уюштурулган. 8217 жолу 111 772 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Чарба жүргүзүүчү объекттердин өрткө каршы абалы жөнүндө бийлик органдарына жана кызыкдар ведомстволорго 541 маалымат жөнөтүлгөн.

Жазгы-жайкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

- бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

- балдарды кароосуз калтырбагыла;

- күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

- электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

- тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

- аянттагы тазаланган жердин катмарына гана от жаккыла;

- өрткө кооптуу учурда от жакпагыла жана калдыктарды өрттөбөгүлө;

- кетип бара жатып отту суу менен өчүргүлө жана очоктогу оттун күлүн топурак менен аягына чейин көмүп койгула;

- токойго бензин сиңип калган жана май болгон материалдарды калтырбагыла;

- айнектин сыныктарын жана бөтөлкөлөрдү калтырбагыла, күндүн нурлары менен чагылышып өрттүн булагы болушу мүмкүн, жаңы чыккан өрттү суу менен өчүргүлө жана үстүнөн ийне жалбырактуу дарактардын бутактарын жана топуракты таштагыла.

"Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз", - деп кайрылат жарандарга ӨКМ.

Пикир

Оставить комментарий