• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башынан бери 90,9 миң адам «балага сүйүнчү» алышкан

Өкмөт 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма кам көрүүгө муктаж болгон балдары бар ата-энелерди колдоого алуу максатында «персоналдык ассистент» аттуу жаңы социалдык тейлөөнүнтүрү түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Персоналдык ассистенттин тейлөө акысы түрүндөгү ай сайын берилүүчү көмөк 4 900 сом өлчөмүндө белгиленген.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын укугун коргоого көмөк көрсөтүү жана алардын коомдун жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий жашоосуна катышуусун кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укугу жөнүндө БУУКонвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Мыйзам долбоору жактырылган.

2019-жылдын 1-январына карата наристе төрөлгөндө берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөк пулун 90,9 миң адам алды.

2018-жылдын 1-июлунан тарта ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын көлөмүжогорулатылган:

- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана ВИЧ/СПИДден жапа чеккен энелерден туулган балдарга 3 000 сомдон 4 000 сомго дейре;

- 1 топтогу бала чагынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга 3 000 сомдон 4 000 сомго дейре;

- II топтогу бала чагынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга 2 500 сомдон 3 300 сомго дейре;

- III топтогу бала чагынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга 2 000 сомдон 2 700 сомго дейре жогорулатылган.

Пикир

Оставить комментарий