• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери "Агроөнөр жай комплексин каржылоо" долбоору 3 млрд сомго каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын 17-мартына карата "Агроөнөр жай комплексин каржылоо" долбоору 3 млрд сомго каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен "Айыл банк" аркылуу 1,5 млрд сом, "РСК банк" аркылуу 1,5 млрд сом берилди.

Белгиленгендей, аталган долбоор 2022-жылы 3,5 млрд сомго каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий