• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери “Айыл чарбасын каржылоо – 8” долбоору боюнча 2,8 млрд сомго насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Жыл башынан бери “Айыл чарбасын каржылоо – 8” долбоору боюнча 2,8 млрд сомго насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Каржы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 5-июнга карата “Айыл чарбасын каржылоо – 8” долбоорунун алкагында коммерциялык банктар аркылуу элеттик товар өндүрүүчүлөргө 2 млрд 824 млн 856 миң сомго 5 миң 547 жеңилдетилген насыя берилген.

Анын ичинен:

- өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 339,7 млн сомго 1 миң 15 насыя;

- мал чарбачылыгына – 1 млрд 722 млн 55 миң сомго 4 миң 413 насыя;

- кластерге – 134,8 млн сомго 65 насыя;

- кайра иштетүү тармагына – 264,5 млн сомго 43 насыя;

- ун өндүрүүгө – 363,8 млн сомго 11 насыя.

Пикир

Оставить комментарий