• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жыл башынан бери ата мекендик өндүрүштүн көлөмү 3,6 пайызга көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Алдын ала баалоо боюнча, ички дүң продукт (ИДП) үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда 337 миллиардга жакын сомду түздү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, бул 2020-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 1,6 пайызга азайды.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда ИДПнын көлөмү 306 миллиардга жакын сомду түздү жана 3,6 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдын январь-июлунда 175 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу фармацевтикалык продукциянын (38,4 пайызга), химиялык продукциянын (36,5 пайызга), ошондой эле негизги металлдар жана машиналар жана жабдуулардан башка, даяр металл буюмдар (31,7 пайызга) өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн кыскарышынын эсебинен 10,3 пайызга азайды.

Терс тенденциялар курулушта байкалды, анда көлөмдөрдүн төмөндөшү 9,7 пайызды, айыл чарбасында – 3,4 пайызды түздү, ал эми дүң жана чекене соодада, тескерисинче, көлөмдөрдүн 10,9 пайызга өсүшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 7,0 пайызды түздү. Муну менен бирге, тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 10,0 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына - 8,3 пайызга, азык - түлүк эмес товарларга - 4,7 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга карата тарифтер - 1,5 пайызга жогорулады.

Ушул мезгилдин ичинде баалар көбүнчө гречкага - 32,9 пайызга, картошкага - 30,7 пайызга, жаңы жашылчаларга - 26,7 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майына - 23,1 пайызга, кумшекер - 21,3 пайызга, койдун эти - 19,5 пайызга, жаңы бышкан мөмө жемиштер - 18,7 пайызга, чочконун эти - 18,6 пайызга, балык - 9,0 пайызга, уйдун эти - 7,7 пайызга, алкоголсуз суусундуктар - 4,8 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулоосу байкалган. Муну менен бирге, баанын (9,7 пайызга) максималдуу өсүшү Баткен облусунда катталган, бул башка региондорго салыштырганда эң көп тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (13,8 пайызга) жана алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына (13,6 пайызга) баалардын жогорулашы менен шартталган.

Кыргыз Республикасынын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-июнунда 3,3 млрд. ашык АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 21,9 пайызга көбөйдү, муну менен бирге, экспорттук жөнөтүү 9,5 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 40,2 пайызга көбөйгөн.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБга мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-июнунда 1,5 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-июнуна салыштырганда 28,9 пайызга өстү. Муну менен бирге, экспорттук жөнөтүүлөр 1,6 эсеге, ал эми импорттук келип түшүүлөр 1,2 эсеге көбөйгөн.

2021-жылдын январь-июнунда Республиканын ЕАЭБнын мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,4 пайыз) жана Казакстанга (32,2 пайыз) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий