• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери балдар арасында кылмыштуулук 36% төмөндөдү – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. 2019-жылдын 3 айында балдар арасында кылмыштуулук былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36%га төмөндөгөн.

Тактап айтканда, 425тен 272ге чейин төмөндөгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, республиканын алкагында квартал сайын башка мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык өнүгүү жана өспүрүмдөр иши боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ыкчам жана алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.

Рейддердин жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекторлор тарабынан соода комплекстер, темир жол бекеттери, канализациялык кудуктар, жылуулук түтүктөр, имараттардын жертөлөөлөрү, жер астындагы өтмөктөр, унаа жуучу жайлар жана башка турмуштук оор кырдаалга кабылган өспүрүмдөр чогулуусу мүмкүн болгон жайлар текшерилет.

Министрликтен кабарлашкандай, республика боюнча жашы жете элек жарандардын саны 2 млн. 312 миңден ашык. Ал өлкөнүн калкынын жалпы санынын 37% түзөт.

2019-жылдын 3 айында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук боюнча 272 факты аныкталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36%га аз.

Пикир

Оставить комментарий