• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

10 айда балык кармоо эрежесин бузгандарга 76 миң сомдон ашык айып салынган

Коом 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10 айында балык кармоо эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун көлөмү 76 миң 603 сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов билдирди.

Анын айтымында, адистер тарабынан Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Орто-Токой, Токтогул суу сактагычтарында жана Чүй облусунун аймагындагы суу сактагычтардагы браконьерлердин торлорун жок кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

"19 рейддин жыйынтыгында мыйзамсыз 181 даана балык уулоо куралдары алынып, балык кармоо эрежелерин бузгандыгы үчүн республикалык бюджетке 76 миң 603 сом, доо арыздын негизинде 43 миң 430 сом түшкөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий