• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери Баткен облусун өнүктүрүүгө 3,3 млрд сом инвестиция тартылды

Аймак 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Жыл башынан тартып Баткен облусунун аймагына тартылган инвестициялардын көлөмү эл аралык уюмдардын жана жеке тараптардын инвестициясын кошкондо 3 млрд 334 млн сомду түздү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, бул суммага жалпысынан 69 долбоор ишке ашты.

Облустун ар бир шаарын, районун өзүнчө алып караганда:

- Баткен району боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 421,1 млн сомду түзүп, 9 долбоор;

- Лейлек району боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 566,2 млн сомду түзүп, 22 долбоор;

- Кадамжай району боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 1 487,7 млн сомду түзүп, 17 долбоор;

- Кызыл-Кыя шаары боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 174,1 млн сомду түзүп, 5 долбоор;

- Сүлүктү шаары боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 33,3млн сомду түзүп, 12 долбоор;

- Баткен шаары боюнча ички жана сырткы инвестициялардын көлөмү 651,4 млн сомду түзүп, 4 долбоор ишке ашкан.

"Жыл башынан бери облуста жалпысынан 6 кичи ГЭСти курууга инвестор тартылган. Мындан тышкары, 12 кичи цех, анын ичинде 3 тигүүчү цех инвесторлор тарабынан каржыланып ишке берилди", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, акыркы эки жылда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек ара аймактарында орун алган окуялар инвестициядагы тобокелчиликке өз кедергисин тийгизгенине карабастан облуска инвестиция тартуунун үстүндө бир катар иштер аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий