• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери Баткен шаарында 12 зордук-зомбулук фактысы катталган

Аймак 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Баткен шаарындагы милициянын көчмө кабылдамасы элдер менен жолугууда, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Кызыл-Жол, Төрт-Гүл, Чет-Булак участкаларындагы жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери өзүн-өзү башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте эл аралап кылмыштуулукту болтурбоо, сууга чөгүүнүн, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин түзүлгөн графиктин негизинде жүргүзүүдө.

Мындан сырткары, азыркы COVID-19 илдетинин алдын алуу, вакцинация боюнча дарыгерлер элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткен шаар аймагында жыл башынан бери 12 зордук-зомбулук фактысы катталып, коргоо ордерлери өз убагында толтурулган, кайталанган зордук-зомбулук болгон эмес. Ал эми акыркы бир ай аралыгында милициянын көчмө кабылдамасына социалдык мааниде 13 кайрылуу түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий