• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери Бажы кызматы 90 миллион сом киреше тапты

Экономика 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын 2018-жылдын январь-июль айындагы кирешеси 89 миллион 717 миң сомду түздү.

“Ачык бюджет” порталынын маалыматына караганда, кызмат көрсөтүүлөрдүн классификацияланбаган башка түрлөрүнө болгон төлөм 32 миллион 720 миң 519 сомду түзгөн. Изилдөө, анализдөө, баалоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн 13 миң 953 сом, товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык коштоо үчүн төлөм 56 миллион 982 миң 714 сомду түзгөн.

Өткөн жылдын ушул мөөнөтүндө Бажы кызматынын кирешеси 79 миллион 669 миң 931 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий