• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жыл башынан бери бажылык укук бузуулардын 2 миң 227 фактысы аныкталды

Коом 0


Бишкек, 16.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын 11 айында бажылык укук бузуулардын 2 мин 227 фактысы аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков билдирди.

Анын айтымында, бузуулар боюнча 2 миң 70 иш козголуп, 95 млн сом айып өндүрүлгөн.

“Ошондой эле 132,4 млн сом бажы төлөмдөр төлөнгөн. Бажы кылмыштары боюнча 57 материал каралып, 93,9 млн сом зыяндын орду толтурулган. Бюджетке кошумча 235 млн сом түшкөн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий