• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери Бишкекте 10 миңге жакын кылмыш жасалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.12.18. / Кабар/. Бишкекте 10 ай ичинде 9 миң 707 кылмыш жасалган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жумушчу жыйынында шаардык жана райондук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери билдирди.

Маалыматка ылайык, 3 миң 506 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Калаа башчысы Азиз Суракматов вице-мэр Максим Ситниковго райондук администрация башчылары менен биргеликте көчөлөрдө, көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жана подъезддерде камера орнотуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле кичи автобустарда чөнтөк уруулуктун санын азайтуу үчүн шаардык унаа башкармалыгына үч ай ичинде каттамга чыккан айдоочулар жана жүргүнчү ташуучу фирмалардын жетекчилери менен унаанын ичине милдеттүү түрдө камера орнотуу иштерин аткарууну тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий