• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сырттан жардам албаганда социалдык милдеттемелерди өз убагында аткара алмак эмеспиз - Асрандиев

Экономика 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Сырттан жардам албаганда социалдык милдеттемелерди өз убагында аткара алмак эмеспиз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери бюджетке салык жана бажы төлөмдөрү түрүндө 14 млрд сом түшпөй калды.

Анын айтымында, "эл аралык донордук уюмдардан каражат алуу канчалык зарыл эле, тышкы карызды көбөйтпөй өз алдыбызча абалдан чыксак болот беле?" деген суроо берилип жатат.

"Ачык айтайын сырттан жардам албай койсок кыйын болмок, социалдык милдеттемелерди өз убагында аткара алмак эмеспиз. Учурда бюджеттик кызматкерлерге айлык маянасын төлөө, пенсия, жөлөкпул боюнча социалдык милдеттемелер өз убагында аткарылып жатат - анын ичинде сырттан алынган
каражаттын эсебинен. Маселен, өткөн мезгил ичинде бюджеттин киреше бөлүгү - салык, бажы төлөмдөрү, салыктык эмес жыйымдар - 57 млрд сомдон ашты. Ошол эле убакта социалдык милдеттемелерге гана кеткен чыгымдар 72 млрд сомдон ашты. Айырма дээрлик 15 млрд доллар болуп жатат. Ал башка чыгымдарды (ал чыгымдар кыйла кыскартылган) эсептебегенде, социалдык милдеттемелерге кеткен чыгым болууда. Социалдык милдеттенмелердин бир топ бөлүгү сырттан алынган каражттардын эсебинен аткарылды. Сырттан алынып жаткан каражаттар жеңилдиктер каралган шарттар менен алынууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий