• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башынан бери бузуулардын Бирдиктүү реестрине 200 миңден ашуун бузуу катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. 2019-жылдын 1-январынан тарта бузуулардын Бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке кирген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бузуулардын Бирдиктүү реестри (ББР) - катталган бузуулар жана аларды жасаган жактар, ошондой эле аларга карата колдонулган жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган автоматташтырылган маалыматтык тутум.

Ага ылайык 29 мамлекеттик орган менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында “бузуулардын Бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке киргизилген. Аталган тутум административдик материалдарга, алар боюнча кабыл алынган чечимдер, андан сырткары төлөнгөн айып пулдардын статусу боюнча борборлоштурулган маалыматтык мейкиндикти түзүү үчүн арналган.

Система-интегратор аркылуу автоматташтырылган маалыматтык тутумдун программасы ИИОдо каралган административдик иштер боюнча айып пулдардын төлөмүн каттоону киргизүүгө мүмкүндүк берет жана төлөмдү көзөмөлдөөгө дагы болот.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн тутумга банктык мекемелер менен “Кыргыз почтасы” төлөм тутуму кошулган.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында КРнын Ички иштер министрлиги тарабынан “бузуулардын Бирдиктүү реестри” тутумуна 205 миң 603 бузуулар катталса, анын ичинен эскертүү - 8577, жалпысынан 197 миң 26 бузууларга жаза чаралары колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий