• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери чет элдик инвестициялар 202,7 млн АКШ долларын түздү

Өкмөт 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. 2017-жылдын I кварталына чет элдик инвестициялардын түз агымы 202,7 млн. АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул маалына салыштырмалуу 35 % көп болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди.

2017-жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошев маалымат берди.

«2017-жылдын январь-июнь айларына ИДП көлөмү 193,9 млрд сомду түзүп, өсүүнүн реалдуу темпи 106,4% болду. 2016-жылы бул көрсөткүч ушул эле мөөнөттө 96,9% түзгөн. Инфляциянын деңгээли 2,8% жетти. Экономиканын өсүшү айыл чарбасында 1,2%, курулушта 4,8 %, өнөр жайда 31,3% болгон. Жалпысынан бардык аймактар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү. Кумтөр алтын кенин эсепке албаганда ИДП реалдуу өсүшү 103,1 % түзсө, ушул эле көрсөткүч 2016-жылдын ушул маалына 101,0 % болгон», - деди ал.

Экономика министри Арзыбек Кожошев маалымдагандай, 2017-жылдын январь-июнь айларына өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 2272,3 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,8% көп болду.

«Товар жүгүртүүдө экпорттун үлүшү 28,9 %, ал эми импорттун көлөмү – 71,1 %жетти. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ курамындагы өлкөлор менен болгон товар алмашуусу 874,1 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезтилине салышьтырмалуу 11,4 % болду. 2017-жылы экспорттолгон товарлар 2016-жылдын ушул мезгилине салытырмалуу 30% түзүп, 657,7 млн АКШ долларына жетти. Экспорттун көлөмү жеңил өнөр жай тармагындагы сыртка чыккан товарлардын саны көбөйгөндүктөн улам, 33,3%, бут кийимдер 2,1эсеге, кургак мөмөлөр 2,8 эсеге, монетардык эмес алтын 41,3 %, тирүү жандыктар 6 эсеге, сүт азыктарын сырткар чыгаруу 1,8 эсеге, баалуу металлдар 37,5 % өстү. 2017-жылдын январь-май айларына импорттун көлөмү 1614,6 млн АКШ долларын түзүп, 10,9 % жогорулады», – деди Арзыбек Кожошев.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү инвестицияларды тартуусуз өспөй турганын баса белгиледи.

«Буга чейин мен өлкөнүн бардык аймактарыннда инвестициялык приоритеттүү багыттарды аныктап туруп, аймактарга инвестиция тартуу тууралуу программаны иштеп чыгууну тапшырган элем. Аймактык саясат концепциясынын алкагында бул негизги приорритет болушу ьшарт. Мындан сырткары мамлекеттик органдарды көбүнчө инвесторлор үчүн документтерди көп текшерүү боюнча жасалма тоскоолдуктарды жаратышат. Аны менен кошо ашыкча текшерүүлөр да көп болот. Биринчи жарым жылдыктын жакшы жыйынтыгы – бул бирдиктүү иш алып баруунун натыйжасы, эми жалпы экономикалык өсүүнү темпин кармоо максатында иштерди улантуу зарыл», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий