• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жыл башынан бери чет өлкөлөрдө 120 КРнын жараны каза болду

Коом 0

Бишкек, 18.07.18. / Кабар/. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында чет өлкөлөрдө ар кандай себептер менен 121 Кыргызстандын жараны каза болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, көз жумгандардын көбү Россиядагылар.

“Москва шаарында - 63, Екатеринбургда – 9, Новосибирскте – 8, Красноярскиде – 8, Беларусияда – 1, Түркияда - 1, АКШда - 1, Түштүк Кореяда – 1, Араб эмираттарында – 1 киши каза болгон”, - деди ал.

Ошондой эле министр Россияда - 630 миң, Казакстанда - 35 миң, Италияда - 5,5 миң, Түштүк Кореяда - 5 миң, Бириккен Араб эмираттарында - 3 миң кыргызстандык бар экенин айтты.

“Белгилей кетүчү нерсе, Орусияда, Түркияда жана Казакстанда жарандардын саны өзгөрүп турат. Бул сезондук факторго байланыштуу”, - деди Э.Абдылдаев.

Пикир

Оставить комментарий