• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жыл башынан бери чет өлкөлөргө жалпы 22 сапар уюштурулду — ТИМ

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында ар кандай деңгээлде чет өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстанга жалпы 66 сапар уюштурулду. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, ал сапардын ичинен 42си чет элдик коноктор, делегациялар Кыргызстанга иш сапары менен келген.

“Президент, министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештин төрагасынын деңгээлинде чет өлкөлөргө 22 иш сапары болгон. Сапарлардын алкагында эки тараптуу 42 ар түрдүү келишимге, көп тараптуу 97 эл аралык келишимге кол коюлган. Президенттин деңгээлинде төрт сапар болду. Алсак, ушул жылдын февраль айында кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолуккан. Экинчиси, Азербайжанга расмий сапары менен барды. Май айында Россияга Путиндин чакыруусу менен ЖККУнун жыйынына катышып, андан келе жатып жарым күндүк сапары менен БАЭге барган”, - дейт ал.

Министр жарым жыл ичинде Жогорку Кеңештин төрагасынын деңгээлинде төрт, ТИМ башчысынын деңгээлинде 12 визит болгонун кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий