• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жыл башынан бери дүйнөдө кызамык менен ооругандардын саны 300% көбөйдү

Дүйнө 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. 2019-жылдын башынан бери дүйнөдө 112 миң кызамык менен ооругандар катталган. Бул былтыркы жылдын ушу мөөтүнө салыштырмалуу 300% көп, – деп кабарлады Бириккен улуттар уюму кабарлады.

Кызамык олуттуу ооруларды жаратат, мисалы: пневмония, энцефалит, жадагалса өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кызамык менен ооругандар мындан да көп болушу мүмкүн деп кооптонууда. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында кызамык менен 10 адам ооруса, алардын бири гана катталышы мүмкүн деп болжолдоодо.

2019-жылы кызамык 170 мамлекетте катталган. Эң көп өсүш, Африкада – 700%, эң азы – 40% туштук-чыгыш Азияда катталган.

Быйыл кызамык менен ооругандардын саны 112 163 түздү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 28 миң адамга көп.

Кызамык Грузия, Конго, Казакстан, Мадагаскар, Мьянма, Судан, Таиланд, Филиппины, Украина, Эфиопия жана Кыргызстанда катталган.

Акыркы айларда кызамык эмдөө жогору болгон өлкөлөрдө – АКШ, Израиль, Таиланд жана Тунисте – дагы чыкканы кабарланган.

Ал эми Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны былтыр 1005 адам болсо, 2019-жылы – 600 түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий