• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жыл башынан бери дайынсыз болуп жаткан айдаркендик Бөрүбай Россиядан табылды

Коом 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Дайынсыз болуп изделип жаткан Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Жаңы-Коргон айылынын 1997-жылы туулган тургуну Асылбек уулу Бөрүбай Россиядан табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал ата-энесине жана бир туугандарына байланышка чыгып, Россиянын Красноярск шаарында экенин билдирген.

Эске сала кетсек, буга чейин милиция Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2021-жылдын январынан баштап дайынсыз болуп жаткан Асылбек уулу Бөрүбайды издеп жаткан.

Пикир

Оставить комментарий