• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери экономика кандай өзгөрдү?

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бүгүн, 9-июнда Улуттук статистикалык комитеттин адистери республиканын жыл башынан берки социалдык-экономикалык абалынын негизги көрсөткүчтөрү тууралуу айтып беришти.

Динамика жок

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, январь-майда ИДП көлөмү 153 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын бул мезгилине караганда 6,8%га өскөн.

Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДП көлөмү бул мезгилде 136 млрд сомду түзгөн.

Өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн үлүшү 85 млрд сомго жакынды түзүп, 37% өскөн. Улуттук статком көрсөткүчтөрдүн өсүшүн негизги металлдарды чыгаруунун, металл кендерин казуу жана тазаланган муңайзат продукцияларын өндүрүүнүн өсүшү менен түшүндүрүшөт. Ошондой эле, тамак-аш азыктарын – кум шекер, ун, акталган дан жана сүт азыктарын өндүрүү жогорулаган.

Айыл чарбада мал чарбачылыгы өскөн.

Пайдалуу кендерди казуу, турак жай комплекстерин курууда негизги түшүүлөр байкалган. Аны менен бирге билим берүү мекемелеринин жана айыл чарба объектилеринин курулушуна инвестиция салуу азайган. Автоунаа ишкерлигинде өзгөчө өсүш байкалган эмес. Дүң жана чекене сооданын, оңдоо иштери, унаа жана мотоцикл өсүшү 5,1% жана 4,4% түзөт.

Азык-түлүк бир аз кымбаттады

Керектөөчүлүк тармакта бардыгы өзгөрүүсүз калды. Жыл башынан бери инфляциянын деңгээли 2,4%га өскөн. Азык-түлүк жана алкоголсуз ичимдиктер 4,6%га өскөн. Ошондой эле картошка, алма, эт, колбаса жана консервалык азыктар кымбаттаган.

Тамеки 14%га кымбаттап, алкоголдук ичимдиктер тескерисинче, 4%га арзандаган.

Аймактар боюнча алганда тейлөө кызматтарынын жана азык-түлүк баалары Ош, Талас облустарында кымбаттаган.

Расмий сандар

Улуттук статком кыргызстандыктардын бир айлык орточо маянасы 14 193 сом экендигин эсептеп чыккан. Ошол эле учурда катталган жумушсуздар 61 миң адам, тактап айтканда, 6 млн кыргызстандыктын ар бир 98чисинин жумушу жок.

ЕАЭБге товар жүгүртүү өстү

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соода көлөмү январь-апрелде 677 долларды түзүп, 2016-жылдын бул мезгилине карата 11,7%га жогорулаган. Ошол эле учурда экспорттук ташуулар 23,8%га, импорт 7,7%га өскөн. Негизги соода Казакстан менен Россияга туура келет. Бул өлкөлөргө импорт жана экспорттун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн.

Россияга товарларды экспорттоодо кургак жемиштерди ташуу үч эсеге, ал эми кийим-кече дээрлик эки эсеге өскөн.

Жыл башынан бери Россиядан сүт азыктарын жана фармацевтика продукцияларын эки эсе көп импорттошкон. Ошону менен бирге желим буюмдар, жер-жемиштер жана кара металл аз ташылган.

Казакстан боюнча алсак, экспортто айнек ташуу үч эсеге, жер-жемиштер жана сүт азыктары эки эсеге өскөн. Импортто кондитердик азыктарды, күрүч жана көмүр ташуунун өсүшү байкалган.

Булагы www.vb.kg

Пикир

Оставить комментарий