• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жыл башынан бери электр энергиясына болгон карыз 43,4 пайызга азайды

Коом 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. 1-июлга карата “Түндүкэлектр” ААКтын абоненттеринин электр энергиясына болгон карызы 445 миллион сомду түздү. Биринчи жарым жылдыкта керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 341 миллион сомго же 43,4 пайызга азайган. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Карыздардын 340,7 миллион сомго же 57,9 пайызга азайышы “калк” категориясына таандык.

Дебитордук карыздын азайышы “Түндүкэлектр” тарабынан тейленген бардык региондордо байкалган.

Бишкектиктер колдонулгган электр энергиясы үчүн карыздарын 122 миллион сомго азайтышкан (42,4%), Чүй облусунда керектөөчүлөр 180 миллион сомго (46,7), Талас облусундагылар 39 миллион сомго (34,8) азайтышкан.

Маалымат үчүн: 2018-жылдын 1-июлуна карата “Түндүкэлектр” ишканасы 569 миң 570 абонентти тейлейт. Бишкек шаарында 254 миң 762, Чүйдө 264 миң 369, Таласта 50 миң 439 физикалык жана юридикалык жактарды тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий