• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери ички дүң продукция 5,7 пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 149 млрд. 622,6 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7%га өскөндүгүнөн кабар берет.

""Кумтөр" кен ишканасын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукциянын көлөмү дээрлик 131 млрд. сомду түзүп, 1,6%га өскөн", - деп билдиришти Улуттук статистика комитетинен.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январ-апрелинде 84 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 16,0 пайызга жогорулады.

Өнөр жай продукциясынын өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн (1,4 эсеге) металл рудаларын казып алуунун ( 1,3 эсеге пайызга), көмүрдү өндүрүүнүн (26,4 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (16,5 пайызга), текстил жана кийимдерди (21,2 пайызга) өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Айыл чарбасында реалдуу өсүш байкалып, 18 пайызды түзгөн. Курулуш, чекене жана дүңүнөн соода кылуу - 4,3%.

Пикир

Оставить комментарий