• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери ИДП 5,3 пайызга өстү - Улуттук статистика комитети

Экономика 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ушул жылдын үй айында ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү 104 млрд. сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,3%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статистика комитети билдиргендей, "Кумтөр" кен ишканасын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-март айларында ички дүң продукттун көлөмү дээрлик 91 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4%га өскөн.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январ-мартында 64 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 14,2 пайызга жогорулаган. Өнөр-жай продукциясынын өсүшү металл кендерин казып алуунун (2,2 эсеге), көмүрдү өндүрүүнүн (29,5%га), мунайзат жана жаратылыш газынын (16,9%га), негизги металлдарды өндүрүүнүн (40,1%га) жана кийим өндүрүүнүн (29,2%га), ошондой эле башка металл эмес минералдык продукттардын (9,3%га) өсүшүнүн эсебинен болгон.

Айыл чарбасында реалдуу өсүш 1,8%ды, курулушта 3,1%ды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүш 4,2%ды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу ушул жылдын март айында керектөөчү товарлар жана кызматтарга болгон баалар жана тарифтер өзгөрүүсүз калган.

Ошол эле учурда, азык-түлүк продуктылар менен алкоголсуз суусундуктардын баалары 0,4%га, чылым-тамекилер 11,6%га жогорулаган. Аны менен катар, азык-түлүк эмес товарлардын баалары 1,2%га, кызматтар 0,8%га жана алкоголдук ичимдиктер 0,1%га төмөндөгөнү байкалган.

Пикир

Оставить комментарий