• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери ИИМ органдары тарабынан 12,8 миң кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын ички иштер органдары 14 миң 339 кылмыш жана кырсыктарды каттап, 12 миң 830 кылмыш ишин козголгон. Бул тууралуу маалымат жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, 8 миң 896 иш сотко жиберилген. Иликтөөнүн жүрүшүндө 10 миң 661 иштин бети ачылган

ИИМдин башчысы билдиргендей, 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланышынын алкагында өкмөттүн “Биримдик. Жаратмандык. Ишеним” программасына ылайык, Коопсуздук кеңешинин чечими менен бир катар иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

“Айрым жерлерде ИИМдин министринин орун басары менен жолугушуулар өттү. 77 жетекчи кызматтык тартипте жазаланды, 2 жетекчи жакынкы арада ротацияланат. Кээ бир жетекчилерге эскертүү берилди, алардын ишмердүүлүгү ИИМдин 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында каралат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий