• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери ӨКМдин куткаруу кызматы 205 адамды куткарды

Коом 0

Бишкек, 11.09.17. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери 8 айдын ичинде 205 адамдын өмүрүн сактап калышкан.

ӨКМнин басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, жол кырсыгынан – 54 адам, экстремалдык кырдаал учурунда – 88 адам, ошондой эле суу астында – 13 адам, өрт учурунда – 50 адам куткарылган.

Андан сырткары, 597 адамга жардам көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 113 -адамга дарыгерге чейинки жардам, 141 - адамга кыйын кырдаалда жардам көрсөтүлсө, 343 адамга жабылып калган имараттарды ачып берүүдө жардам көрсөтүлгөн.

Андан сырткары, куткаруу кызматына чалып, жардам сураган 4654 жаранга телефон аркылуу көмөк көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий