• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жыл башынан бери комбанкттар тарабынан фермерлерге 1,2 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди – Финмин

Экономика 0

Бишкек, 11-апрель /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. 2017-жылы фермерлер үчүн жалпы 1 млрд 241 млн 31 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жана айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын колдоого багытталган мындан аркы чаралар тууралуу” аталышындагы маалымат жыйынында Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

Анын айтымында, насыя 6 коммерциялык банк аркылуу берилет, жалпы каралган сумма 3 млрд 395,6 млн сомду түзөт.

“Анын ичинен мал чарбачылыгына 2 млрд 068,1 млн сом, өсүмдүк өстүрүүгө – 670,6 млн сом, агро кайра иштетүү тармагына – 656,9 млн сом каралган. 2017-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн мамлекеттик субсидияга 700 млн сом каралса, анын ичинен 378,7 млн сому “Айыл чарбасын каржылоо-4” долбоору боюнча субсидиянын 2-траншына которулат, калган 321,2 млн сому “айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун 1-траншын субсидиялоого багытталат”,-деди ал.

Эскерте кетсек, жеңилдетилген насыя “Айыл Банк” ААК, “РСК Банк”, “Кыргызстан коммерциялык банкы” ААК, “Бакай банк” ААК, "Кыргыз-Инвестициялык-кредит банк” ААК жана “Оптима Банк” ААК тарабынан берилет. Пайыздык коюмдун суммасы – жылдык 10%, ал эми кайра иштетүү тармагына – жылдык 6%.

Комбанкттардын маалыматы боюнча, фермерлер үчүн насыя алуунун жеңилдетилген шарттары түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий