• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери кооптуу жүк ташыган айдоочуларга 332 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери кооптуу болгон химиялык, өрт чыгуучу жана башка ушундай сыяктуу заттарды ташыган унаалардын айдоочуларына жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыл башынан тартып “Роснефть”, “Партнернефть”, “Газпромнефть-Азия”, “Кумтөр”, “Альфа-Ойл” жана башка ишканалардын айдоочулары үчүн атайын семинар өткөзүлдү.

Мындан тышкары, кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн атайын эскертме буклеттер, анын ичинде айдоочулар кооптуу жүк ташууда кандай коопсуздук жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо керек экендиги, унаа каражаттарын кандай пайдалануу тууралуу көрсөтмөлөр дайындайган. Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлер тарабынан кызмат өтөөдө жана ошондой эле атайын стационардык постордо түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, туруктуу негизде республика аймагында “Кооптуу жүк” аталышындагы рейд иш-чара өткөрүлүп турут. Иш-чаранын алкагында атайын уруксаттары, тийиштүү категориялары, техникалык кароодон өтүү белгиси жана башка тийиштүү документтери жок айдоочуларга, бузуулар кодексинин негизинде чаралар көрүлөт.

Жыл башынан бери жалпы жонунан 132 аныктама, 20 эскертме, 20 бузуулар туурауу протокол түзүлүп, 332 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий