• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алгандардын саны 28 миңди түздү

Коом 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 28 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 25,8 миң адам, расымдык жөлөкпул – 2,2 миң адам.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 10 миң 194,4 сом. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3 миң 450,9 сом.

Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы 270,3 млн сомду түздү, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга 262,8 млн сом, расымдык жөлөкпулга 7,5 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий