• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери КР Өзбекстанга 16,2 млн. долларга электр энергиясын экспорттоду

Экономика 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын январь-сентябрь айлар аралыгында Өзбекстанга 754 млн. кВтс электр энергиясы 2-2,4 цент наркында экспорттолуп, жалпы баасы 16,2 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу калкты жана тармактык экономиканы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Республикалык штабдын отурумунда КРнын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылга салыштырмалуу экспорт саатына 450 млн. кВт азайган. Анын себеби 2017-жылы Токтогул суу сактагычында суунун келиши көбүрөөк болгон.

"Электр станциялар" ААКсы электр энергиясын ички керектөөлөргө жетиштүү көлөмдө иштеп чыгууну камсыздады. Маселен, 2018-жылдын январь-сентябрь айларында электр энергияны чыгаруу 10,8 млрд. кВтс түзүп, 2017-жылдын январь-сентябрь айларына караганда 0,6%га көбүрөөк болду", - деди Кадырбаев.

Анын айтымында, 2018-жылдын 17-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,2 млрд. кубометрди түзүп, былтыркы көрсөткүчтөн 256 млн. кубга (19,46 млрд. куб.м) азыраак топтолду. "Бул 2018-жылы Нарын дарыясындагы суунун агып келиши көп жылдык орточо деңгээлден төмөн болгону менен шартталат. Ошентсе да, суунун көлөмү электр энергиясын күз-кыш мезгилине карата жетиштүү көлөмдө чыгарууга жетет", - деп белгиледи Кадырбаев.

Пикир

Оставить комментарий