• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери КРда дээрлик 6 миң жол кырсыгы болуп, 629 адам каза тапкан - Исраилов

Коом 0

Бишкек, 14.12.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстанда 2017-жылдын 11 айында 5 миң 932 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу премьер-министрдин катышуусундагы жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын жыйынында ички иштер министри Улан Исраилов билдирди.

Ал жол кырсыктарынын жалпы санынын 629у адам өлүмү менен коштолгонун белгиледи. 2016-жылдын ушул мезгилинде 711 мындай жол кырсыктары катталган.

“Жол кырсыктарынын көп бөлүгү, тагыраагы 4 миң 838и айдоочулардын күнөөсүнөн болгон. 335 учурда жол кырсыгынын күнөөкөрлөрүнүн айдоочулук стажы 1 жылдан кем болгон”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий