• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери КРда инвестициялардын саны 30% өстү - Жээнбеков

Экономика 0

Бишкек, 28-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. 2017-жылдын 7 айында Кыргызстанда инвестициялардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 30%га өстү. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн экономикасына инвестициялар адамга аба-суудай зарыл. “Биз инвесторлор үчүн эң мыкты шарттарды түзүшүбүз керек”, -деди С.Жээнбеков.

“Президент Кыргызстан инвесторлордун бейишине айланышы керектигин айтты. Кандай болсо да инвесторлорду чочутпастан, аларга ыңгайсыздык жаратпашыбыз керек. Бул багытта ишти күчтөндүрүү керек”, - деп белгиледи премьер.

Пикир

Оставить комментарий