• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери КРде 30 миңге жакын ID-карт жасалды – МКК

Коом 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Бүтүрүүчүлөр мектепти аяктагандыктан жана Бирдиктүү мамлекеттик экзамендин (БМЭ) башталышы менен Кыргызстанда жалпы жарандык паспорт алуу үчүн кайрылган жаш жарандардын агымы байкалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз кызматы билдирет.

Жыл башынан тарта бүгүнкү күнгө чейин ID-картты 16 жашка чыккан 32 миң 2 бала алган. Алардын ичинен эң көп паспортту Ош (67 миң 130) жана Жалал-Абад (6 миң 298) облустарынын тургундары алышкан.

Талас (1 миң 420) жана Нарын облустарында (1 миң 928) аз паспорт алышкан. Чүй облусунда (4 миң 884) жана Бишкек шаарында – 3 миң 296 ID-карт. Баткен облусунда 2 миң 996, Ысык-Көл облусунда 2 миң 719 жаран 16 жашында жалпы жарандык паспорт алышкан.

Пикир

Оставить комментарий