• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери курулуш материалдарына 6,2 миң сертификаттоо сыноолору жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Мамкурулуштун “Курулушсертификаттоо” республикалык борборунун аккредитацияланган лабораториялардын адистери тарабынан 2021-жылдын 4 айдында курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга – 6 288 сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен, 1 034 сертификациалык сыноолор, номенклатура боюнча, кен эмес материалдар; бетон аралашмалары, бетон жана темир бетон контрукциялары, курулуш кургак аралашмалары, карапа кышы, болот арматуралары, жол материалдары үстөмдүк кылат; 5 254 көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор, номенклатура боюнча; кен эмес материалдар, бетон аралашмалары, бетон жана темир бетон контрукциялары, таш конструкциялары, арматурадан күрөөгө коюу буюмдары, темир бетон конструкциялары үчүн ширетилген арматура бирикмелери үстөмдүк кылат.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, баардыгы болуп 505 шайкештик сертификаты (ш/с) берилип, мамлекеттик реестрге киргизилди.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан 223 республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына жана 232 – республикага алып келинүүчү курулуш продукциясына берилген.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан:

- КР мыйзамынын “Техникалык регламент. Курулуш материалдарынын, бюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу” талабына жооп берген – 449 ш/с берилди;

- “Унаа жолдорунун коопсуздугу” Бажы уюмунун Техникалык регламентинин талабына жооп берген - 5 ш/с берилди.

- “Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу” Бажы биримдигинин Техникалык регламентинин талабына жооп берген - 1 ш/с берилди.

Өз каалоосу менен ыктыярдуу түрдө сентификаттоо боюнча – 50 ш/с берилди.

Белгилесек, 2020-жылдын аралыгында 103 мекеме 599 ченемдик документтер менен камсыз болуп, 61 инженердик-техникалык жумушчу квалификациясын жогорулатты.

Пикир

Оставить комментарий