• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери куткаруучулар 150 адамдын өмүрүн сактап калышкан

Коом 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. 2018-жылдын 11 айында КР ӨКМнин бөлүмдөрү тарабынан 150 адам куткарылган. Анын ичинен жол кырсыгынан - 40 адам, экстремалдык абалда –36 адам жана көлмөлөрдөн-11адам, ал эми өрттөн 63 адамдын өмүрү сакталып, 51 адам жабыркаган.

ӨКМден кабарлашкандай, куткаруучулар тарабынан 928 адамга жардам көрсөтүлгөн. Анын ичинен 234 адамга дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз жагдайга туш болгон 223 адамга жана 471 адамдын үйлөрүнүн жабылып калган эшиктерин ачып беришкен. 6167 муктаж болгон адамдарга Куткаруу кызматтары тарабынан телефон аркылуу кеңеш берилген.

Жыл башынан бери 1469 жолу кырдаалдарга чыгуу катталган: жол кырсыгына - 176, ар түрдүү кырсыктарга чыгуу-1152, өрт кырсыгына-33, шектүү жарылуучу заттарды текшерүүгө -6, сууга чөкөндөрдү издөөгө чыгуу – 102.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылдын 11 айында 94 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталды. Болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 13 адам курман болгон. Бул жылы 2017-жылдын 11 айына салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны 71 %га аз, ал эми курман болгондордун саны 90,2 %га аз болгондугун белгилеп кетүү керек.

Пикир

Оставить комментарий