• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери “Кыргызпатент” автордук сый акы төлөбөгөндүгү үчүн 4 ресторанды сотко берди

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Ушул жылдын январь айынан бери КРнын интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) төрт ресторан келишим боюнча автордук сый акы төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн сотко доо арыз менен кайрылган.

Ведомствонун төрайымы Динара Молдошева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында кафе, ресторандардын, соода борборлорунун ээлери автордук сый акы төлөө боюнча келишим түзгүсү келбегендиктен же түзүп туруп андагы милдеттенмелерден качкандыгы үчүн ушундай чараларды көп көрөт.

“Кыргызпатент” автордук укуктун объектилеринин колдонуучулары менен лицензиялык макулдашуу түзөт. Ошол макулдашуунун алкагында алар тигил же бул автордук чыгарманы пайдалана алышат. Жылына бир жолу – март айынан августка чейин колдонуучулардан топтолгон акчаларды авторлорго бөлүштүрөбүз”, - деди Молдошева.

Анын маалыматына караганда, теле жана радиокомпаниялар үчүн “Кыргызпатентке” автордук төлөмдөрдүн суммасы бир жылдык кирешенин 1 пайызын түзөт. Соода борборлору жана башка коммерциялык объектилер үчүн сумма аянттарына жана башка факторлоруна байланыштуу эсептелет. Кафе жана ресторандар үчүн акчалай милдеттенмелердин өлчөмү отура турган орундардын саны жана аянты боюнча аныкталат.

“Былтыр биринчи жарым жылдыкта биз 3 миллион 675 миң сом автордук сый акы чогултканбыз. Быйыл ал 3 миллион 918 миңге же 6,6 пайызга өстү”, - деди Молдошева.

Ал акча толугу менен чыгармалардын авторлорунун арасында бөлүшүлөрүн, ведомство андан эч нерсе алып калбай турганын белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий