• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери Кыргызстанда 383 адам бруцеллёз менен ооруп калды

Коом 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. 2018-жылдын башынан бери Кыргызстанда 383 адам бруцеллёз менен ооруп калды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 180 адамга азыраак.

Жусупов белгилегендей, жалпысынан алганда Кыргызстандагы эпизоотикалык абал стабилдүү.

“Шарп, сибирь жарасы, бруцеллёз оорулары боюнча абал туруктуу. Кыргызстанда жарым жылдын ичинде 4 мал союучу цех курулду. Андан сырткары россиялык компания менен дагы 9 цехти куруу боюнча макулдашууга кол коюлду”, - деди ал.

Ашырбай Жусупов малдардын миграциясына электрондук система боюнча көз салуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

“2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө боюнча жарым миллион жаныбар эммиграцияланды. Бизде бул процессти көзөмөлдөй турган инспекторлорубуз бар”, - деди Жусупов.

Пикир

Оставить комментарий