• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери Кыргызстанда 5 үй-бүлөдө 3 эм төрөлгөн

Коом 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 5 үй-бүлөдө 3 эм төрөлгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, ал үй-бүлөлөрдө төрөлгөн балдардын ар бирине 50 миң сомдук (бир жолу берилет) "балага сүйүнчү" каралган.

Белгилүү болгондой, 2018-жылдан бери Кыргызстанда ар бир төрөлгөн балага бир жолу берилүүчү 4 миң сом өлчөмүндөгү "сүйүнчү" берилип келет. Ал эми 2019-жылдын 1-декабрынан тарта үч эм (же андан ашык) төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сом "сүйүнчү" берүү каралган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери өлкөдө "балага сүйүнчү" (4 миң сомдук сүйүнчү) 2 миң 559 балага берилген. Ага 10 млн 374 миң сом бөлүнгөн.

2019-жылы "балага сүйүнчү" 161 миң 700 балага берилген – 650,3 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий