• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери Кыргызстанда дарактарды мыйзамсыз кыюу боюнча 249 факты катталган

Коом 0

Бишкек, 12.09.2017 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылдын башынан бери Кыргызстанда дарактарды мыйзамсыз кыюу боюнча 249 факты катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Токой экосистемасын өнүктүрүү Айлана чөйрөнү жана токой чарбачылыгын коргоо департаментинин директору Элдияр Шерипов билдирди.

Анын айтымына караганда, бардык материалдар укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. “Кыш мезгилинде жана дем алыш күндөрү мыйзамсыз дарактарды кыйууну азайтуу максатында рейд өткөрөбүз. Бузуулар үчүн административдик айып каралган. 2 миң сомдон өйдө, кээде кылмыш иши козголот”,-деди ал.

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамовдун айтымына караганда, бүгүнкү күндө дарактарды кыюу мыйзамдын чегинде эмес.

Пикир

Оставить комментарий