• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери кыргызстандык спортчулар 371 медаль багындырышты – Аманкулов

Спорт 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар алты айдын ичинде 371 медаль багындырышкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, алардын ичинен 97си алтын, 100 күмүш жана 174 коло медаль.

Агенттиктин башчысы белгилегендей, өлкөдө ушул жыл ичинде 70 ири иш-чара өткөн, учурда болсо таэквондо боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Андан тышкары, армрестлинг боюнча чемпионат өттү жана ушул эс алуу күндөрү Ысык-Көлдө триатлон боюнча Азия кубогу өтөт.

“70 жакын спортчулар эл аралык иш-чараларга жөнөтүлгөн”, - дейт Аманкулов.

Пикир

Оставить комментарий