• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери Кыргызстандын ички дүң продукциясы 334 млрд сомду түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Алдын ала баалоо боюнча, Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 2019-жылдын январь-август айларында 334 млрд. сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2% өскөн. “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканынын эсебисиз ИДП үстүбүздөгү жылы январь-август айларында 298 млрд. сомдон ашып, 3,0 пайызга өскөн.

"Өнөр жай продукциясынын көлөмү 169 млрд. сомду түздү жана 2018-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 17,0 пайызга өстү. Бул негизинен металл өндүрүүнүн (42,7 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн (36,1 пайызга), металл рудаларын казуунүн (27,6 пайызга), чийки мунайзат жана жаратылыш газынын (15,6 пайызга), химиялык продукциялардын (11,2 пайызга), ошондой эле көмүр казуунун (6,2 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий