• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 0,1% өстү

Экономика 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы айларда экономикалык өсүү басаңдаганы байкалат. Үстүбүздөгү жылдын январынан июнь айына чейинки аралыктагы социалдык-экономикалык абал тууралуу Улуттук статистика комитетинин адистери айтып беришти.

Статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдиргендей, болжолдуу маалыматтар боюнча ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү акыркы алты айдын ичинде 213 млрд. 640,3 млн. сомду түзүп, 0,1% өскөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДПнын өсүшү 5,6% түздү.

Ал маалымдагандай, “Кумтөр” кенин иштетүүнү эске албаганда аталган мезгил аралыгында ИДП көлөмү 193 млрд.сомду түзүп, 2,1% жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий