• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 1,3% өстү

Экономика 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январынан апрелине чейин ички дүң продукциясынын көлөмү 133 млрд сомду түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу 1,3% өстү.

Улуттук статистикалык комитеттин отчеттук мезгилиндеги социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктарын талкуулоо учурунда статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдиргендей, ИДПнын өсүшү товарларды жана кызматтарды чыгара турчу тармакка өз таасирин берген. Алсак, ал тармактагы алардын ИДПнын үлүшү 47% түзгөн.

“Өнөр жай продукциясынын көлөмү 23%, айыл-чарба дээрлик 7% жана курулуш тармагы 6% жакын. “Кумтөр” кенин иштетүүнү эске албаганда аталган мезгил аралыгында ИДП көлөмү 118 млрд сомду түзүп, 2,5% жогорулаган”,-деп билдирди Турдубаева.

Пикир

Оставить комментарий