• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 16,2 млрд сом жумшалды

Экономика 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын январь-август айлары аралыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 16 млрд. 204 млн. сом сарпталды. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, анын ичинен мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 8 млрд. 398,5 млн. сом, мамлекеттик ички карыз боюнча – 7 млрд. 805,5 млн. сом сарпталган.

2019-жылдын 30-июлуна карата Кыргызстандын мамекеттик (тышкы+ички) карызы 4 млрд. 453,99 млн. долларды (310 млрд. 667,54 млн. сом) түзөт.

Анын ичинен:

- 3 млрд. 767,49 млн. доллар (262 млрд 784,07 млн. сом) мамлекеттик тышкы карыз;

- 686,50 млн. АКШ доллары (47 млрд. 883,47 млн. сом) мамлекеттик ички карыз.

Пикир

Оставить комментарий