• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 7,3 пайызга көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылдын январь-сентябрь айында 4,8 миллиард долларды түздү жана 2017-жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 7,3 пайызга өстү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин Соода статистикасы башкармалыгынын башчысы Венера Мамбеталиева билдирди.

Ал экспорттук жеткирүүлөр 3,1 пайызга төмөндөгөнүн, импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 11,2 пайызга көбөйгөнүн белгиледи.

Мамбеталиева экспорттун эң чоң көлөмү Улуу Британияга жөнөтүлүп, 386,7 миллион долларды түзгөнүн айтты. Бул 32,8 пайызды түзөт.

“Улуу Британияга алтындын экспорту жүрүүдө. Быйылкы жылдан баштап “Кумтөрдүн” алтыны ошол жакка жиберилүүдө. Ага чейин алтын Швейцарияга экспорттолгон. Экинчи орунда Россия турат – 230 миллион доллар. Казакстанга болгон экспорт 187,7 миллион долларды (15,9 пайыз), Өзбекстанга 122,6 миллион доллар (10,4 пайыз), Түркияга 53,1 миллион доллар (4,5 пайыз), Кытайга 45,1 миллион доллар (3,8 пайыз), Тажикстанга 38,7 миллион долларды (3,3 пайыз) түздү”, - деди ал.

2018-жылдын январь-сентябрь айларындагы экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмүнүн кыскарышы 2017-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу алтынды жеткирүүнүн 17 пайызга төмөндөшү менен шартталды. Ошондой эле кендерди жана баалуу металлдардын концентраттарын жеткирүү 14,9 пайызга кыскарды. Сүт жана сүт азыктарын жеткирүү 27,9 пайызга, электр энергиясы 21,8 пайызга кыскарды.

Мамбеталиева импорт боюнча биринчи орунда Кытай – 1 миллиард 477 миллион 4 миң доллар турарын белгиледи. Анын жалпы көлөмдөгү үлүшү 40,6 пайызды түзөт. Экинчи орунда Россия турат, импорт 878,9 миллион долларды түзөт (24,2 пайыз). Андан кийинки орундарда Казакстан – 352,1 миллион доллар (9,7 пайыз), Түркия – 223,7 миллион доллар (6,2 пайыз), Өзбекстан – 135,9 миллион доллар (3,7 пайыз)

Импорттук келип түшүүлөрдүн көлөмүнүн жогорулашы 2018-жылдын январь-сентябрь айларында 2017-жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу кийим, мөмө-жемиш, булгаарыдан буюмдар, кара металл, бут кийим, транспортторунун каражаттарын алып келүүнүн көбөйүшү менен камсыздалды.

Пикир

Оставить комментарий