• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери Кыргызстанга дээрлик 4 млн турист келди

Коом 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанга 3 млн 823 миң 706 турист келди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын ушул аралыгында туристтердин саны 1 млн 852 миң 412ни түзгөн.

“Туризмден 4 млрд 332,4 млн сом түшүп, ал ИДПнын 2,9 пайызын түздү. Туристтик кызмат көрсөтүү - 49,5 млн сом, инвестиция - 584,8 млн сом, туристтик ташуулар - 1 млрд 932 сом, соода-сатык - 3 млрд 901,3 млн сом, тамак-аш - 1 млрд 717 млн сом, туристтик агенттиктер - 291,6 млн сомду түздү”, - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий