• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башынан бери өлкө аймагында 28 адам сууга чөгүп каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын башынан бери өлкө аймагында 28 адам сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 28 адамдын ичинен 12си эркек киши, экөө аял, 9у 12 жашка чейинки бала, бешөө 18 жашка чейинки өспүрүм болгон.

“2020-жылдын ушул учурунда сууга 19 адам чөгүп кеткен. Анын ичинен 12 эркек, 1 аял, 12 жашка чейин 5 бала, 18 жашка чейин бир өспүрүм каза болгон. Көрсөткүч айтып тургандай, жаш балдардын саны жогору болууда. Учурдан пайдаланып, ата-энелерге сууга түшүүнүн эрежелерин сактоо менен иш алып баруу керектигин эскертким келет”, - дейт ал.

Шамырканов бүгүнкү күндө 87 суучул-куткаруучу даярдыктан өткөнүн кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий